Өлкөдө акыркы күндөрү Ковид- 19 кайрадан күч алып, илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө. Бүгүн биз ооруну алдын алуу, андан коргонуу чаралары туурасында кеп кылабыз. Суроолорго Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог- дарыгери Рыскул Чыналиева жооп берет.
1. Эмне себептен кайрадан вируска чалдыккандардын саны өсүүдө?
15-марттан баштап ооруну жугузуп алгандардын саны кайрадан өсүп баштады. Мунун себеби калк тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталбагандыгы. Азыр көпчүлүк эл беткапсыз, социалдык аралыкты сактабай ошондой эле кайдыгер мамиле жасагандыган вируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Биз мурдатан айтып келе жаткан имараттардын ичнде созсүз аралык сакталуусу зарыл. Ошондой эле бөлмөнүн ичин тазалап тез-тезден терезени ачууну унутпаш керек. Колдун гигиенасы ушундай эрежелер бугункү күндө сакталбай көңүл сыртында калып жатат.
2. Адам вирусту жугузуп алганда канча убакта билинип баштайт?
Вирустун адамдын организимине түшүп ошол жерден өнүгүп, өөрчүп оорунун биринчи белгилер байкалган убакты медицинада инкубациялык мезгил деп коебуз. Ал мезгил 14 күн. Бул максимум 14 күн дегенибиз менен негизинен 2-3 күндүн ичинде эле байкалып баштайт. Ошондо 2-3 күндөн баштап 14 күнгө чейинки аралыкта оорушу мүмкүн.
3. Ковид вирусу эмнеси менен кооптуу?
Кооптуу болгонунун себеби вирус мутацияга өтө жөндөмдүү экен. Улам барган сайын өзгөрүп, түзүлүшүн өзгөртүп маалымат алып жүрүчү гендери өзгөрүп мутацияга жөндөмдүү болгону менен коркунучту болот. Дагы вирус иммунитетти түшүрөт. Вирус киргенде иммунитетке жооп берген клеткага отуруп ал жактан өсүп өнүгөт. Мындан улам биринчиси мутацияга жөндөмдү болгону менен коркунучтуу болсо экинчи тарабы адамдын иммунитетин алсыратканы менен кооптуу.
4. Кадимки сасык тумоо менен коронавирусту кантип айырмаласа болот?
Бул экөө жалпысынан окшошуп кетет. Эки учурда тең эт ысыйт. Ошол эле жөтөл болот. Бирок ковидде кургак түрдөгү жөтөл болот. Анан оорунун 5-6 күндөрү жыт сезүү жоголот.
5. Вирус кимдер үчүн кооптуу жана коркунучтуу ?
Негизинен 60жаштан жогоркуларга кооптуураак. Себеби алардын өнөкөт оорулары көп. Ошондуктан өнөкөт оорулары бар мисалы: жүрөк кан тамыр оорулары, кант диабети, астмасы бар болсо, дем алуу органдарынын оорулары бар адамдар үчүн оорураак болот. Себеби ковид бардык ошондой ооруларды козгойт.
6. Ооруп айыккандан кийин организмди кантип калыбына келтирсе болот?
Сергек жашоого өтүү керек. Ошондой эле рационго витаминге бай азык тулүктөрдү кошуу сунушталат. Витамин С, В, Д өтө маанилүү, организм үчүн керектүү болуп эсептелет. Андыктан бул витаминдерге бай азыктар менен тамактануу сунушталат.
7. Кантип ооруну алдын алса болот?
Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо бирөөгө өтө жакын турбай 1,5-2 метр аралыкты сактоо керек. Адамдар көп жерлерде этият болуу. Колдун гигиенасын аткарып жүрүү, сырттан келгенде болобу же жумуштабы айтор азыр бардык жерде шарт бар. Аны тез тез жууп туруу зарыл. Колду жууганда дагы самынды көбүрткөндө 90секундга чейин кармап туруу маанилүү. Эгерде көчөдө жүргөндө колду жууганга шарт жок болсо дайыма жанына антисептик алып жүрүүгө чакырат элем. Учурашууда дагы кучакташып, өбүшүү, кол алышуу болбойт. Жөн гана баш ийкешип учурашканга өтүү керек.