Коронавирус илдетине байланыштуу өткөн жылы өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө абал киргизилгени баарыбызга маалым. Мындай оор күндөрдү айылыбыздын кары адамдары үйдөн чыкпай, карантиндин эрежелерин так аткаруу менен өткөрүштү.
Ал эми азыркы учурдагы пенсионер, карылардын абалы боюнча билүү үчүн Куу-Майдан айылынын тургундарына кайрылдык.
Учурдагы ардактуу пенсионер Тазагүл Эрвешимова карантин маалында эч жакка чыкпай отурганын жана жугузуп алуудан коркуу сезими болгонун билдирди:
“Карантин, пандемия дегенди мурда билчү эмесбиз, 2020-жылдан бери коронавирус деген нерсе чыгып, адамдар коркуп, өзүн-өзү сактап калышты. Азыр деле коркунучтуу болуп жатат, бирок эми кыйла азайып калды. Пенсиялар өз убагында берилип жатат. Ал эми өкмөт каттоосу барларды дары-дармек менен камсыз кылууда.
Баткендеги окуяларды көрүп, оюбуздун баары ошол жакта болуп коронавирусту деле унутуп койдук. Кыргызстаныбыз тынч болуп, эчким оорубасын”, -дейт Тазагүл Эрвешимова.
Айыл тургуну Ахмат Аширов да учурда пенсияда, коронавирус оорусу ага эч кандай таасирин тийгизбегенин бирок , мамлекеттин экономикасына залакасын тийгизгенин айтты:
“Пандемия биринчи башталганда баарыбыз үйдөн чыкпай, эрежелерди сактап үйдө отуруп калганбыз. Азыр болсо айылыбызда абал жакшы. Эл коронавирус тууралуу маалыматтарды, коргонуу жолдорун билгендиктен азыр ооруга чалдыккандар аз.”
Аталган айылдын тургуну Раймахан Аширова: “Ош облусунда азыркы тапта коронавируска чалдыккандар аз, элдер жакшы жашап жатышат. Пенсионерлер, карылардын абалы да жакшы. Башка бир оорулар менен ооругандар болушу мүмкүн, бирок коронавирус менен ооругандар жок”-деп билдирди.
Аймончок Кожонова