Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында ковид менен ооруган бейтаптар жок. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдагы ФАПтын кызматкери Бурул Муталыпова билдирди.
«Азыркы учурда айылда абал тынч. Эки бейтап азыр Ат-Башыдагы ооруканада пневмония менен ооруп жатышат. Бирок айыл ичинде күндүзгү стационарга келип дарыланган адамдар жок. Ковиддин белгилери менен ооруган бейтаптар дагы азырынча жокко эсе. Өзүңүздөр билгендей былтыр ушул убакта биздин айылда ооругандардын саны абдан көп болчу. Буюрса бул жылы анчалык көп ооругандар болгон жок. Биз азыр ФАП кызматкерлери болуп көчөлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Көчөлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз
Бизде азыр эң чоң кемчилик вакцина алдырган бир дагы айыл тургуну жок. Буга ар кандай туура эмес маалыматтар себеп болгондой, бардыгы коркуп алдырбай жатышат. Бизге мына эми дагы вакциналар келгени турат, дагы да туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көбүрөөк тургун вакцина сайдырып калат деген үмүтүбүз бар. Эң башкысы эч ким оорубай, аман-эсен бул оорудан кутулуп кетсек деп тилейбиз».
Асел Үркүнбаева