Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондо чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүдө, ишке ашырууда эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссия иш алып барууда. Курамы тогуз адамдан турган комиссия райондогу абалга жараша отурумдарды өтүп, алдын алуу чараларын уюштурат. Ал эми күтүүсүз абал болгондо чукул отурум чакырылат.
Акимдин орун басары, комиссиянын төрайымы Кенже Карагулованын айтымында комиссияда тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү бар.
“Райондук штаб облустук штабдын дагы чечимдерин, көрсөтмөлөрүн аткарууга алат. Мындан сырткары жогоруда аталган комиссия штабдын чечимдеринин негизинде иш алып барабыз. Чектөөлөрдү киригизебиз. Мисалы, акыркы отурумда иш-чаралар, жолугушуулар 50 адамдан ашпасын, коомдук тамактануучу жайда 50 кишилик орун болсо, ага 25 гана киши болсун деген сыяктуу чектөөлөрдү киргиздик. Комиссия штабдын көрсөтмөсүн күтпөй кырдаалга тиешелүү чечимдерди кабыл ала беребиз”,- дейт.
Мындан сырткары, ар бир айыл өкмөткө айылдык деңгээлде штаб түзүп, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, абалды көзөмөлдөө боюнча тапшымалар берилгенин кошумчалады.
Акталаадагы «Кызыл зонада» 16 адам дарыланууда
Барчын Мамытбекова