Ак-Талаа районунда быйыл COVID-19 үстүбүздөгү жылдын май айында катталган. Андан бери жалпы 21 бейтап аталган илдет менен жабыркап, 9 бейтап дарыланып чыккан. Ал эми 8 бейтап учурда райондук жалпы дарыгерлик борборунда дарыланууда. Ошондой эле үй карантинде көзөмөлдө турган 4 бейтаптын, экөө 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.
Мындан сырткары, внебольничная пневмония менен жыл башынан бери 76 оорулуу катталып, 67си айыгып чыккан.
Учурда ооруканада 8 адам коронавирус, 8 адам пневмония илдетинен дарыланууда.
Акимдин орун басары Кенже Карагулова: «Райондо кандай кырдаал болбосун даярдыктабыз. Дары-дарымектин запасы эки айга жана коргонуучу атайын каражаттар (СИЗ) үч айга жетишерлик. Эгер зарыл болсо күндүзгү дарылоочу жайлар дагы даярдалган. Илдеттин үчүнчү толкунуна карата 8 койкалуу инфекция жана 22 койкалуу соматика бөлүмү иштеп жатат»,- деди.
Барчын Мамытбекова