Студенттердин окуусуна пандемиянын кандай таасир бергени тууралуу бир катар студенттер ойлору менен бөлүшүштү.
Онлайн окууда убакытты туура эмес пайдаланып калып жаттык
Кыргыз Түрк Манас университетине 3-курста окуп жаткан Бегимай Маамытова карантин учурунда бир жарым жыл аралыктан сабак окуганын айтты:
«Аралыктан окуу биз үчүн көп кыйынчылык жаратты. Биринчи эле айылда интернеттин начар болушу, практикалык сабактардын дагы онлайн болуусу бизди кыйнады. Ошол эле учурда, университетке баруу, группалаштар менен чогуу болуу, мугалим менен студенттин ортосундагы байланыш өзүнчө бир мааниге ээ экенин дагы бир жолу билдик.
Аралыктан окугандын терс жактары азыр билинип жатат, практикалык сабактардан артта калдык, өзүбүздү таштап, убактыбызды туура эмес пайдаланып калып жаттык. Бирок кайрадан оффлайн окуу баштагандан бери мугалимдерибиз менен баарысын карап чыгып, кошумча сабак алып, көбүрөөк окуп жатабыз. Анан албетте, университетттин талабы боюнча ар бир студент вакцина алууга милдеттендирилип, эки дозасын тең алдык.»
Ал эми КГУСТА да окуп жаткан Айдар Түлөбаев биринчи курсту онлайн баштаган: «Негизи мектепте окуп жатканда эле 2 ай калганда пандемия башталган. Андан кийин Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окууга тапшырдык. Азыр мына экинчи курста окуп жатам. 1-курс башталганда эле онлайн болду же эжелерди тааныбайсың же группалаштарынды тааныбай жүрдүк. Телефондон өтүлгөн темаларды түшүнбөй жаттык. Албетте терс таасирин тийгизип жатат. Мына азыр да факультетте ковид чыкканына байланыштуу кайрадан онлайн режиминде окуп жатабыз.»
Эске салсак, кээ бир университеттер же кандайдыр бир факультеттер ковидге байланыштуу онлайн режимге өтүп жаткан учуру.
Асел Үркүнбаева