Кочкор районунун Чолпон айылынын электр барчасында учурдагы кырдаалга карата кандай иш жүрүп жатканын билдик. Учурда 90 пайыз айыл тургундарынын үйлөрүнө ашыкча электр энергиясын колдонуу болсо, автоматтык түрдө өчүрүүчү «Жаңгакча» орнотулду.
Чолпон — электро барчасынын инспектору Койбаков Келдибек төмөндөгүлөргө токтолду:
» Чолпон » — электро барчасында жалпы 18 ишкер иштешет. Анын ичинен 8 адам инспектор, алар 18- айылдыбөлүштүрүлүп алган боюнча карашат. Ал эми 9 ишкер электромонтёр, бирөөсү — мен жетекчиси болуп эмгектенем.
Жалпы 4 — айыл өкмөттү свет менен камсыздайбыз, бузулуп калган учурларда барып оңдоп беребиз. Быйылкы 2022 — жылда светтин жетишсиздигинен, Токтогул ГЭС нин суусунун аздыгынан улам «сактоочторду» орнотуп жатабыз. Эң алгач «Чолпон» айылынан баштаганбыз. Буга чейинки мезгилде Чолпон айылынын ичине 150 амперлик автомат коюлуп, 400 дөн ашуун «жаңгакча сактооч » деп коёбуз, орусча айтканда «орешка» коюлду. Койгонубуздун себеби ар бир үйдө ашыкча иштеген электр- үй техникаларын ашыкча киловатт жакса, нормадан ашып кетүүдөн сактайт. Эгер киловатт 5 тен ашып кете турган болсо, үйдөгү техникалык каражаттары күйүп кетет же болбосо өчүп калат.
Чолпон айылынын 90 % тургундарынын үйүнө «жаңгак сактоочтор» коюлуп бүттү , калган 150 гө автоматтар орноду.
Жетекчинин орун басары Урмат Рысбаев:
«Биз Чолпон айыл өкмөтүндөгү Чолпон электр тармагында иштейбиз. Бизде 8 электро мотор иштейт. Жумуш 24 саат болот, кандай убакыт болсо да элди жарык менен камсыз кылабыз. Жаңгакчанын коюлуу максатты Токтогул ГЭСинде суунун аздыгына байланыштуу, электр энергияны үнөмдөө үчүн коюлуп жатат. Чолпон айылын дагы 750 кардардын 90%не коюлду».
Кусейин Марат уулу, Малика Жумабекова, Нагима Мирланова