Кочкор районундагы Чолпон айылындагы 110-35 Чолпон көмөкчү чордону 14 айылды электр-энергиясы менен камсыздап келет. Азыркы учурда бул подстанцияга жаңы трансформатор коюлуп, оңдоо иштери жүрдү жатат.
110-35 Чолпон көмөкчү чордону 1967-жылы негизделген. Түштүк тарабынан Чекилдек айылынан баштап, түндүк тарабынан Ак-Жар айылынан Дөң-Алыш айылына чейинки бардык айылдарды электр-энергиясы менен камсыздайт.
110-35 Чолпон көмөкчү чордондун дежурныйы Азамат Бокошев курулуп жаткан подстанция тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Бул жерде жалпы 9 фидер линия менен айылдарга жарык бөлүнүп берилет. Подстанциянын ичинде эки чоң түштүк трансформатор бар. Бирөөсү 10500 киловольт-амперлик, экинчиси 5600 киловольт-амперлик. Бул 5600 киловольт-амперлик трансформатор 1959-жылы орнотулган. Эскилиги жетип, айылды жарык менен камсыз кылуу үчүн ресурсу азайып жатканына байланыштуу мурункуга салыштырмалуу бир аз жаңы трансформатор коюлду. Мындан тышкары Узун-Булак айылынын маңдайына Чолпон айылынын үстүңкү зонасындагы айылдарды камсыздоо үчүн трансформаторлык подстанция курулууда. Ал курулуш иштери ортолоп калды десек болот. Бизде чоң кран жок болгондугуна байланыштуу 10500 кВАлык трансформаторду орнотуу иштери бир аз созулду. Подстанция курулуп бүтсө, бардык айылдардын, анын ичинен Чолпон айылынын дагы жарыгы жакшырат деп айта алабыз. Кыш мезгилине болсо атайын чектөө коюлат. Айыл тургундары ошол чектөөдөн ашык электр-энергиясын колдонбоосу зарыл. Негизи жылдык план боюнча подстанцияларды капиталдык оңдоо пландары түзүлгөн. Ошол план боюнча Чолпон подстанциясында эски майларды алмаштырып, кышка даярдык көрүү иштери толук аякталды”.
Акылай Болотбекова, Ынтымак Таштанов