Адамдар телефонго көз каранды болуп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калышууда жана дарыгерлердин айтуусунда балдардын ара төрөлүшүнө алып келиши да мүмкүн.
Заманбап гаджеттер биздин жашообузга пайда боло электе, адамдар гезиттерди, китептерди окушкан, бирок замандын талабына ылайык уюлдук телефон алардын ордун ээледи. Азыркы учурда аз гана адамдар гезиттерди окубаса дээрлик жокко эсе. Китептерди онлайн форматта көчүрүп алышып, каалаган жерде чөнтөк телефону менен көтөрүп жүрүшөт. Бирок телефондон окуу адамдын көзүн алып, көрүүсүн начарлатууга алып келет.
Телефондун зыяндуулугу жөнүндө Калбүбү Кылычбекова төмөнкүлөргө токтоло кетти.
«Азыр кичинекей баладан баштап чоң кишиге чейинки адамдарда телефон бар. Телефон биринчиден убактыбызды алып, экинчиден көрүүбүздү начарлатып жатат. Көбүнчө кош бойлуу аялдар телефонду чөнтөгүнө салып алышат. Ошондон балдарына радиация берилет. Болочокто төрөлө турган балдардын башында киста, суусу ашыгыраак, жүрөгүндө тешик болуп төрөлүп жатышат. Ал эми жаш өспүрүмдөр кечке телефон көрүп, үйдө отура бергендиктен тулку бою туура эмес өсүп, сколиоз болуп, кан тамырлары ичкерип, баштары көп оорууда.
Телефондорду колдонууда төмөнкүдөй сунуштарды эске алыңыз:
~Телефонду атайын белгилүү бир убакытка чейин гана көрүү керек
~Уктаарда уюлдук телефонду башка бөлмөгө коюу абзел
~Эшикке чыгып, таза абада сейилдөө, чуркоо ден соолукка пайдалуу
~ Китеп окуу мээге, эс тутумга, ойго чоң көмөк көрсөтөт
~ Телефонду азыраак көрүп, көзүбүздү сактайлы
Бул көйгөйдү кантип чечсек болот?
Мектепте мугалимдер окуучуларды дене тарбия сабагына жакшы катыштырышы керек. Эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо, узундукка чуркоо, секирүү айрыкча кыздарга келечекте эне болууда чоң роль ойнойт. Физикалык кыймыл көп жасалуусу зарыл. Телефонду 1 же 2 саат убакыттай колдонуп, көпчүлүк убакытты кыймыл менен өткөрүңүз. Жатаарда уюлдук телефонду өчүрүп, башка бөлмөгө коюп жатуу менен өзүбүздүн ден соолугубузга жакшы таасирин тийгизет.
Асема Сүйүндүкова, Кусейин Марат уулу