Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы №6 ҮТД ооруканасында 1-октябрдан тартып 31-октябрга чейин Кыргыз Республикасында аялдарды өзүн-өзү карап, кам көрүү боюнча акция жүрүп жатат.
Оорукананын медайымдары үймө-үй кыдырып, 18 жаштан 65 жашка чейинки кыз-келиндерди, аялдарды, апаларды кароодон өткөрүшүп, өзүлөрүнүн ооруларына байланыштуу анализ тапшырууга жөнөтүшүүдө.
Калбүбү Кылычбекова
№6 ҮДТ ооруканасында иштеген медайым Калбүбү Кылычбекова төмөнкүлөргө токтолду: “Чолпон айылында жалпы аялдардын саны 978, ал эми азыркы учурда анын 22% кароодон өткөрүлдү. Бирок, ошолордун ичинде коркунучтуу оору менен ооругандар изилдөөдө байкалган жок. Ошондой эле кыз-келиндерге, аялдарга ден-соолугуна кам көрүү боюнча кеңештерди берип жатабыз. Ушул убакка чейин 2 жолу келип кеткен дарыгерлерге көрүнгөндөр да болгондуктан, азыр жалпы Чолпон айылында 90% адам кароодон өттү”.
Мындан сырткары сентябрь айында башталгыч класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары медициналык кароодон өткөрүлгөн. Бул кароодо окуучуларда коркунучтуу оору байкалган жок. Ал эми алардын ичинен оорукананын учётуна алынгандар өзүн карап, дарыланып жатышат.
Окуучуларды медициналык кароо учуру
Акылай Карыпбекова