Бүткүл дүйнөлүк Тазалык күнүнө карата Тогуз-Торо районунда «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» аталышындагы тазалык акциясы өткөрүлдү. Иш-чараны Тогуз-Торо жаштар кеңеши уюштуруп, район аймагында масштабдуу тазалык иштери жүргүзүлдү.
Акцияга райондук мекеме-ишканаларда жана айыл өкмөттөрүндө эмгектенген 25–35 жаштагы 112 жаран катышты. Алар аймакты тазалоо иштерине активдүү катышып, коомдук иштерге болгон жоопкерчилигин көрсөтүштү.
Жаштар Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунун жээктерин, ошондой эле Тагай участогундагы таштанды төгүүчү жайга чейинки жолдун айланасын тазалашты.
Тазалык иштеринин жүрүшүндө болжол менен 4,5 тонна таштанды чогултулуп, атайын техникалардын жардамы менен чыгарылды.
Мындан тышкары, район боюнча уюштурулган жалпы тазалык иштерине 762 адам катышты. Анын алкагында көчөлөр, арыктар, коомдук жайлар, жол жээктери жана башка аймактар тазаланды.

Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу жана жаштарды коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева