Учурдагы «Омикрон» штаммы бүткүл Кыргызстанда болуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Бул тууралуу Чолпон айылынын тургундарынан кабар алдык.
Чолпон үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Токжан Асанбаева
Чолпон Үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Токжан Асанбаева төмөндөгүлөргө токтолду.
«Бизди көптөн бери кыжалат кылып жаткан коронавирус илдети азыркыга чейин күч алууда. Жакынкы арада эле Коронавирустун жаңы штаммы жайылып Омикрон деген ат менен белгилүү болуп, Кыргызстан боюнча жарандар анализ аркылуу аныкталууда. Эң эле орчундуусу вирустагы учтуу протеиндерде. Коомчулуктун көңүлүн бурган да, көптөгөн вакциналардын көздөгөнү дагы ошол. Covid -19 менен айырмасы деле жок, болгону температура жогорулап, шалдырап, алсыз болуп калат. Симптомдору бирдей келет. Денени бир аз дүүлүктүрүп, алсыздантат. Кыргызстанда катталганы менен, Чолпон айылында катталган жок, бирок бизде сасык тумоо менен ооругандар болуп жатат. Эрежелери бизге белгилүү болуп калды, санапиттик режимде болуп турсак бизден дарт алыс болот».
Мен Чолпонкул уулу Нурадил. Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин география сабагынан берген мугалими болуп иштейм.
«Омикрон жаңы чыгып келе жаткан оору экен. Ковид оорусуна окшош симптомдордон турат. Грипптен бир аз оорураак, Ковидден жеңилирээк дегендиги аныкталган. Бул оорудан жалпы мамлекет сактанышыбыз керек. Коронавирустун башка варианттарынын мутацияларынан мурда байкагандарыбыз омикрондун ролу жөнүндө маалыматы аз деп ойлойм. Маска тагынып ар кандай оорулардан сактаналы. Бул оорунун негизги симптомдору дене табынын көтөрүлүшү, тамак оору, чыйрыгуу, алсыроо. Ушул белгилер алдын- ала боло турган болсо сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылып, медициналык жардам алышыбыз керек».
Малика Жумабекова, Аяна Аскарова