Кочкор районундагы Кочкор айылында жаңы өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүү жана «Айыл Банк» менен дыйкандардын тыгыз байланышта болушу боюнча маалымат алдык.
Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рахатбек Исраилов
Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рахатбек Исраилов пандемия убагындагы иш аракеттери жана райондогу жаңы өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүү боюнча маалымат берип кетти.
«Мен 2015-жылдан бери Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилик кызматты аркалап келе жатам. Кочкор району негизинен айыл чарба багытындагы район болуп эсептелет. Жалпысынан алганда Кочкор районунда 30 миң гектар айдоо жерлери бар.
Бүгүнкү күндө 28,550 гектар жерди иштетип жүрөбүз. Ал жерлерге негизинен дан өсүмдүктөрүн, картошка, жашылча- жемиштерди жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүп жатабыз. Жалпысынан дан эгиндерине 8000 гектардын тегерегинде себилет, картошканы 3120 гектарга жакын айдайбыз, тоют өсүмдүктөрү 17385 гектарды түзөт, калганын жашылча -жемиштер ж.б өсүмдүктөр ээлейт.
Техникалык базасы жөнүндө маалымат берсем: 550 ар кандай маркадагы тракторлор, шаймандары менен бар. Бүгүнкү күнгө карата оңдоо — түзөө иштери жүргүзүлүп, техниканын 80% даяр болуп калды.
Былтыркы жылы суунун тартыштыгынан, күндүн ысык болгонуна байланыштуу бираз кыйыныраак болду. Быйылкы жылы дагы божомолдор боюнча, климаттын тез өзгөрүшүнө байланыштуу суу маселеси курч турат, бирок ага карабай биз сугат иштерине карата даярдыктарды көрүп, суу каналдарын тазалап,суу соргучтардын тетиктерин оңдоп жатабыз.
2020-жылы пандемия айыл чарба тармагына өзүнүн бираз таасирин тийгизген. Жаз убагында бардык жерлерде карантин киргизилип, жолдордо блок-посттор коюлуп, бизге үрөн, жер семирткич, күйүүчү майларды ташууга кыйынчылыктарды жаратты. Ошого карабастан ишибизди токтотпой, элдерге, убагында сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылып, күйүүчү, майлоочу майларды арзан баада апкелип берип, жазгы талаа иштерине көп көмөк көрсөтүп, дыйкандардын ишин үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Жыйынтыгында биздин район түшүмдү азайтпай, жакшы жетишкендиктерге жеттик. Пандемия убагында айтып кетчү нерсе бул дыйкандарга мамлекет тарабынан «Айыл Банк» аркылуу жеңилдетилген насыялар берилип жатты.
Быйыл үрөнчүлүк боюнча мамлекет тарабынан акча-каражат бөлүнүп, Россия мамлекетинен үрөндөр келгени жатат. Үрөн насыя менен «Айыл Банк» аркылуу 2 жылга 4,5% менен берилет. Бүгүнкү күндө дыйкандарыбызды сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу иштери болуп жатат.
Мындан тышкары райондо жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча иш жүргүзүп жаткан кезибиз. Ал — жүгөрү өсүмдүгү. Эки жылдан бери жүгөрү өстүрүүнү өздөштүрүп келе жатабыз. 2020- жылы 2 гектар жерге жүгөрүнү айдап, жакшы жыйынтык болгон. 2021- жылы айдоо аянтын кеңейтип 12 гектарга силостук жүгөрү айдалып, астыңкылары 1 гектардан 6 тоннага чейин түшүм алып, азыркы учурда малдарына тоют катары берип жаткан кези.
Нурия Карымбаева