Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдагы ФАПтын кызматкери Бурул Муталыпова билдирди.
Анын айтымында азыр ФАПта өнөкөт оорулар менен кайрылгандар гана бар, ал эми сасык тумоодон дарылангандар жок.
«Азыр биздин айылда бизге кайрылгандар жок, мектепте дагы бала- бакчадан дагы азырынча абал туруктуу десем болот. Бирок бизге 4-толкун болот, ага даяр тургула деген көрсөтмө бар. Бул толкунда деле мурдагы ковид оорусундай өтсө бизде дарылагандай шарттар бар. Райондук администрациядан дагы бизден ар дайым эпидемиологиялык абал боюнча маалымат алып турушат. Негизинен бул илдетке деле мурдагыдай алдын алыш керек. Көпчүлүккө чыкпай, чыкса дагы маска тагынып, ар кандай иш- чараларды уюштурулбаса жакшы болот. Албетте сууктун күнү сууктан абайлап, жылуу жүрүш керек.»
Белгилей кетсек, акыркы 2 күндөн бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп, омикрон штаммы да катталды. Бүгүн өлкө боюнча 742 учур катталды.
Асель Уркунбаева