Кудатов айылында жаш балдардын арасында азыркы учурда айылда сасык тумоо оорусу жүрүп жатат. Айылда балдар бакчада, мектептерде санитардык абал талапка жооп берерлик. Маал- маалы менен тазалоо иштери жүрүп жатат.
«Ак ниет нуру» балдар бакчасындагы абал туруктуу
Санталат Мурзакаримова
Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасынын эмдөө кабинетинин мед айымы Санталат Мурзакаримова:
«Жаш балдарга эмдөө өз убагында берилип жатат. Ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Көбүнчө сыртка алып чыкпоо, ысык тамак менен өз убагында камсыз кылуу, витаминдештирүү дал ушул сыяктуу нерселерди айтып жатабыз. Жаш балдар арасында грипп жүрүп жатат. Ооругандар бизге кайрылып жатат, биз жардам көрсөтүп жатабыз.»
Т.Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова
Т. Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова:
«Кышкы эс алуудан окуучулар окууга чыгышты. Окууга чыгаардын алдында мектептин жылуулугун камсыз кылуу боюнча печкалардын иштөөсүн көзөмөлдөп чыктык. Окуучулар мугалимдер арасында грипп оорусу жүрүп жатат. Грипп болуп сабакка келбей калган балдардын саны көп, аларга убактылуу жооп берилди. Мектепте санитардык гигиенаны сактоо менен бирге техничкалар менен биргеликте хлор суусу менен кабинеттерди тазалап жатабыз. Антисептикалык каражаттар менен беткап менен камсыз болуусун көзөмөлдөп турабыз.»
«Ак ниет нуру» балдар бакчасынын мед айымы Акбилек Базарбаева
Ак-Чал айылындагы «Ак ниет нуру» балдар бакчасынын мед айымы Акбилек Базарбаева:
«Биз кышкы дем алуудан чыккандан соң, мекеменин санитардык күнүн өткөрдүк. Эрте менен балдар келгенде дене табы өлчөнөт. Балдар бакчага келээр алдында жардамчы тарбиячылар эмеректердин баарын хлор аралашмасы менен тазалашат. Ар бир тамактануунун алдында балдар сөзсүз түрдө колун самын менен жууп тамактанышат. Балдар арасында дене табы көтөрүлгөн, кускан, жөтөлгөн белгилери байкалса ата-энеси чакырылып, жиберилет. Азыркы учурда балдардын катышуусу жакшы, грипп болуп келбей жаткандар да бар.»
Беткап, антисептик каражаттар менен балдар бакчасы камсыздалган.Талапка жооп берерлик.
Башка аймактардагы эпидемиологиялык абал тууралуу бул жерден таанышыңыз.
Чынара Көчкөнбаева