Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде эски терезелери жаңы пластик терезелерге алмаштырылды.
Мектептин терезелери жыгачтан жасалгандыктан суудан, нымдан какжырап, кабинеттердеги жылуулукту сактоого мүмкүн болбой калган. Жыл сайын окуучулар кышка даярдыктарды көрүп, кебез аркылуу жылуулап келишкен. Бирок, ага карабастан кышкысын аба ырайы -25-30 градус суук болгондуктан, жылууланган терезелерден да суук аябай кирип турчу. Ушул себептен улам мектептин терезелерин алмаштыруу боюнча мектептин директору Казыбек Асылбеков долбоор жазып, жергиликтүү бийликке кайрылган.
Даярдалган терезелер
Мектептин эшик терезелерин алмаштыруу долбоорунун сметасы 2018-жылы түзүлүп, ошол жылы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин түрткү берүүчү гранттардын порталына илинген. Долбоор 2019- 2020 — жылы сунушталып, 2020-жылы райондук комиссия тарабынан жактырылган. Долбоордун сметалык наркы 3 279 733 сомду түзгөн.
2021-жылы Казан-Куйган айыл аймагы тарабынан тендер жарыяланып, тендерге 3 куруучу мекеме катышып, комиссиянын чечими менен, «Билим курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому тандалып алынган. Тендердин жыйынтыгы менен терезелерди алмаштыруу иштери 2 860 217 сомго бааланып ишке ашырылган. Долбоордун өздүк салымы 32 000 сом смета акысы, 30 000 сом техникалык көзөмөл үчүн жана 556 900сом акча каражаты Казан- Куйган айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилген.
Жаңыланган терезелер менен
Мындан сырткары мектептин эмгек жамаатынан долбоор үчүн 42 000 сом акча каражаты чогултулуп, анын 5 000 сому долбоордун өздүк салымы үчүн которулуп берилсе, калган акча каражатына мектептин кошумча эшиктерин жасоо үчүн керектүү каражаттар алынган.
Мектептин терезелерин толугу менен алмаштыруу иштери 2021-жылдын декабрь айында аяктады.
Акылай Алмазбекова