Күйүүчү майдын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 эсеге өскөн.
Ушул көйгөйгө байланыштуу Кара-Суу айылынын тургундары менен курган маекти сунуштайбыз.
Кочкор-Бишкек каттамынын айдоочусу- Кайрат Кулакмат уулу
Айыл тургуну Кайрат Кулакмат уулу №513 Кочкор – Бишкек каттамында айдоочу болуп эмгектенет. Ал буга чейин Бишкек шаарында иштеп келген. Күйүүчү майдын кымбатташы сизге кандай кандай көйгөйлөрдү жаратты деген сурообузга ал төмөнкүчө жооп берди:
«Мындан бир жыл мурун майдын баасы 36 сом болчу, азыркы баасы 60 сомго жакын же 2 эсеге кымбаттады. Май кымбаттаганына байланыштуу тапкан кирешебиз аябай эле азайып калды. Мурда Бишкекке 800- 1500 сом менен барып келсек, азыр 3000 сом менен барып келебиз. Ал эми жол акысы былтыр бир адамга 150-180 сом болсо, учурда 250 сомго чыкты. Элдер муну туура түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Кымбатчылыкка карабастан элдин шаарга каттоосу азайган жок».
Айыл тургуну Кымбат Бегалиева
Айыл тургуну Кымбат Бегалиева баалардын кымбатташы оор эле болуп жатат деген ойдо:
«Мен өзүм эя жерде иштебейм, үй кожойкесимин. Райондун борбору айылга жакын болгондуктан бат-баттан каттап турам. Жол акы кымбат, андан сырткары, дары- дармек, бардык азык-түлүктөр да кымбаттап кетти. Албетте, кымбатчылык жашообузду кыйындатып жатат.»
Садыр Иманкулов такси айдоочусу
«10 жылдан бери такси кызматында иштейм. Айылдан райондун борборуна эл ташыйм. Күнүнө 400 сомдой табам, киши көп болсо 700 сом түшөт. Эми бул кызматта иштеп күнүмдүк чай-чамекти тапса болот. Күйүүчү май менен кошо тетиктер да кымбаттап кетти. Мурда жол акы 20 сом болсо, азыр 30 сомго чыкты. Май кымбаттаганы бизге терс таасирин тийгизип эле атат, тапкан кирешебиз азайып кетти, майдын да үнөмү жок болот экен. Арзанчылык болсо деп тилеп атабыз.»
Сырга Абдраимованын айыл ичинде чакан дүкөнү бар. Ал дүкөндө күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатат. Күйүүчү майдын кымбатташы товардын баасынын жогорулашына таасири бар дейт:
«Товар алыш үчүн күн алыс, кээде күн сайын барам. Жолго көп эле акчам кетет, бирок айла жок, товарга барганга туура келет. Анткени айыл элин керектүү азык-түлүк, товарлар менен камсыздап туруу керек»,-дейт дүкөнчү.
Айыл тургундары райондун борборуна ушул жерден жөнөшөт
Аэлита Сейдакматова, Айпери Шаршеналиева