2022-жылдын 15-январында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчыев Төлөк айылына келип, элдин көйгөйүн угуу менен катар, 2022-жылы аткарыла турган иштер менен тааныштырып кетти.
Аким Курбанбек Камчыев менен кошо элдеги суроолорго жооп берип, жеринен чечип берүү үчүн акимдин орун басарлары Нурлан Эшмухамед уулу, Чынара Табылдиева жана 19 мекеме жетекчилери да катышты.
Кирип келген жаңы жыл менен куттуктап, 2021-жылы аткарылган иштер менен тааныштырып, ал эми 2022-жылы аткарыла турган иштердин тизмеги менен элди кабардар кылды. Акимдин бирден-бир алдыга койгон максаты Кочкор районуна көптөгөн инвестиция тартып келүү менен районду дотациядан чыгаруу экенин билдирди.
Бүгүнкү чогулушта эки маселе караларын эскертип, биринчи маселе айыл өкмөттүн 2021-жылга карата жылдык отчетун угууга кезек берилди.
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн башчысы Урматбек Айманов өз докладында 2021-жылы аткарылган иштерин элге тааныштырды. Ошону менен катар кандай иштер аткарылды, канча сумма жумшалды, кандай долбоорлор менен иш алып баргандары жөнүндө баяндама жасалды. Көйгөйлүү маселелер бар экенин баса белгилеп, аларды чечүү жолдорун сунуштап, 2022-жылы аткарууга алаарын белгиледи.
Докладды угуп, талкуулаган соң, кезек элдердин суроолоруна жооп берүү боюнча экинчи маселеге өттү. Алгачкы суроолор айылдын тургундары тарабынан көмүр маселеси, жайыт маселеси, сугат суу маселеси, жол маселеси, медицина маселеси боюнча берилди.
Ар бир берилген суроолорго жеринен жооптор берилип, тиешелүү мекеме жетекчилеринен жооп алышты. Айыл элинин бирден-бир көйгөйлүү маселеси сугат суу жана жолдордун жамандыгы экени ар бир айыл тургундарынын суроолорунан билинип турду.
Райондон алыскы аймак болгондуктан айылда жумушсуздук күч алып, жаштар бала-бакырасын таштап борборго, чет өлкөлөргө иштеп кетип жаткандарын кабарлап, айылга жумуш орундарды камсыз кыла турган инвестиция тартып келүүсүн акимден суранышты.
Андан сырткары электр энергиясы, трансформация, бала бакча куруу, медицина кызматкерлерин аппараттар менен камсыздоо боюнча суроолор узатылды.
Бүгүнкү чогулушта жаштар активдүүлүгун көрсөтүп, бир нече сунуштарды да сунуштай алышты. Чечилбеген маселе болбойт, баарын ынтымактуу чечсе болот деген акимдин жыйынтыктоочу сөзү менен чогулуш аяктады.
Эскерте кетсек, Кочкор районунун администрация башчысы Кара-Суу айылынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн.
Бурул Майрамбек кызы