Коронавирус Кыргызстанга келгенден тартып, өлкөбүз 3 чоң толкунду башынан өткөрдү. Ал убакыт аралыгында коронавирустун мутацияланган бир топ штаммдары кирди. Азыркы учурдун коркунучтуу Ковиддин жаңы түрү бул «Омикрон» штаммы болуп атат.
Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык тармагынын орун басары Чынара Табылдиева Кочкор районундагы эпидемиологиялык абал менен тааныштырып кетти:
«Бүгүнкү күнгө карата, Кочкор районунун эпидемиологиялык абалы туруктуу, жаңы катталган «Омикрон» штаммы катталган жок. Учурда райондун бардык айылдарында Ковид-19 илдетине каршы 3 этаптагы вакцинация активдүү жүрүп жатат. Вакцина алгандардын саны 73% район боюнча түздү. 4 толкунга райондук дарыкана мекемеси толугу менен даяр. Мобилдик топтор, күндүзгү стационарлар анын ичиндеги койка орундар, дары дармектер, дарыгерлердин атайын коргоочу костюмдары, респиратордук маскалары менен камсыз болду. Бул толкунда ооругандар катталса, мурдагыдай дарылоого бүт шарттар түзүлгөн.
Райондук администрацияга күнүнө мектептерден, бала-бакчалардан эпидемиологиялык абал боюнча маалымат түшүп турат.
Алдын алуу иштери жүрүүдө: санитайзерлер, өздүк гигиенаны сактоо каражаттары менен камсыз кылуу иштери аяктады жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул беткап менен жүрүү, аралыкты сактоо, ар кандай иш чараларды уюштурбоо жана өздүк гигиенаны сактап жүрүү.»
Нурия Карымбаева