Кочкор районундагы Кара- Суу айылынын тургуну, жаш ишкер- Бексултан Шераалы уулу эмерек жасоочу чакан цех ачканына 4-5 жылдын жүзү болду. Ал айыл тургундарынан буйрутма алып, жыгачтан түрдүү эмеректерди: отургучтун түрлөрүн, уктоочу керебет, тепкич жана сандыктарды жасап берет.
Бексултан Шераалы уулу 28 жашта. Ал мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы № 5 кесиптик лицейде жыгач устачылык боюнча билим алган. Окууну бүткөндөн кийин шаарда иштеп, жакшы үйрөнгөндөн кийин айылга келип ишин уланткан. Учурдагы кымбатчылык анын ишине тоскоолдуктарды деле жараткан жок деген оюн айтты:
Жаш ишкер- Бексултан Шераалы уулу
«Азыр айылда ишимди улантып жатам. Мага бир тууган агам жардам берип турат. Атайын станокторду сатып алгам. Эмеректерди көбүнчө сосна жыгачынан жасайбыз. Бул жыгач бышык жана эмерек жасаганда кооз болот. Ал эми жергиликтүү жыгачтардан –кара жыгачтан жасайбыз. Өзүбүздүн айылдан тышкары, буйрутманы башка айылдардан да алып турабыз. Пандемия учурунда деле жумушубуз токтогон жок. Бир гана материалды Бишкектен алып келүүдө кыйынчылык жаратты. Ал эми учурдагы кымбатчылык бизге тоскоол деле болгон жок, буйрутмалар мурдагыдай эле түшүп жатат. Жумуш менен дайыма камсыз болуп турабыз ».
Жаш уста Бексултандын колунан жаралган эмеректер
Кадырбек Жакыпбеков