Өлкө ичинде күйүүчү майдын кымбатташы, бардык нерселердин кымбатташына алып келди. Биринчи кезекте майдын кымбатташы айдоочуларга билинди.
Өз сөзүндө, Бишкек-Ат-Башы жолунда көп жылдан бери каттап жүргөн Бакыт Молдакунов май менен кошо азык-түлүктөр, деги эле бардыгы кымбаттаганын айтты.
«Биз айдоочулар мурун шаарга 500 сом менен жеткирсек, азыр 600 сомго жеткирип жатабыз. Баанын кымбатташын айрым жүргүнчүлөр түшүнсө, айрымдары билип турса дагы жаман көрө беришет. 600 сомдон ашыра алган жокпуз, себеби биз да башкаларды түшүнөбүз. Жолдун акчасы мурдагыдай актабай калса дагы, бош жаткандан көрө деп айдап жүрөм. Азырынча айдап турсак, балким майдын баасы дагы арзандап калат деген үмүттөбүз. Ал эми санитардык абал боюнча айтсам, биз өзүбүз маска тагынып жүрөбүз, бирок жүргүнчүлөр ар дайым эле саннормаларды аткара беришпейт.»
Ал эми Ат-Башы айылында мугалим болуп иштеген Аэлита Токтоналиева кыштын күнү суукта май эки эсе көп короп жатканын айтты.
«Биздин үй мектептен алыс болгондуктан, жумушка унаамды айдап барам, балдарымды дагы мектепке жеткизем. Суукта машинаны жылытканга эки эсе май кетет, азыр бардык азык-түлүк, товарлар кымбаттап жатканда, майдын кымбатташы көбүрөөк чыгымга алып келип жатат.»
Асел Уркунбаева