Суусамыр айыл аймагында абанын суукташы менен Ковид-19 оорусуна караганда жаш балдардын сасык тумоого кабылган учурлары көп болду. Сасык тумоо оорусу менен көбүнчө жаш балдар ооругандыгын дарыгерлер белгилешти.
«Ноябрь, декабрь айларында ооруган жаш балдардын саны көп катталды. Суук аба ырайынан улам болсо керек. Сасык тумоого кабылган балдар Суусамыр айылдык ооруканада дарыланып жатышты. Азыркы учурда да ооруканада 10 бала 5 жашка чейинки дарыланып жатышат. Алар сасык тумоо менен ооруп дарыланып жатышат. Абалдары канаттандырарлык. Жакшы болуп калышты. Көбүнчөсү тамактары ооруп жатышкан.
Ал эми окуучулардан сасык тумоо менен ооругандар жокко эссе. Буга чейин жаш балдар арасында пневмонияга чалдыккандар дагы болду. Биз аларды райондук ооруканага жөнөттүк. Жалпылап айтканда ковид-19 вирусуна чалдыккан жаш балдар катталган жок. Сууктун күнү сууктан абайлап балдарды жылуу кийинтиш керек. Көпчүлүккө чыкпай, маска тагынып, тазалыкка көңүл буруу кажет. Азыркы учурда ооруканада эпидемиологиялык абал туруктуу».
Суусамыр айылынын тургуну Аят Орозалиева неберелери сасык тумоо болуп айыкканын айтат:
«Кичүү неберемдин өнөкөт аллергиялык астмасы бар, сасык тумоо ошону козгоп, 5 күн дары алды. Ал эми улуу бираз грипп сыяктуу ооруп, үйдө дары ичип жылуу кармап жатабыз. Дүйшөмбүдөн баштап мектепке барат.»
Белгилей кетсек, акыркы 2 жумадан бери өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптар көбөйүп, омикрон штаммы да катталды. Суусамыр айылдык ооруканасында да улуулар арасында ковидке чалдыккандар бар экендиги айтылды.
Суусамырдагы башка жаңылыктарды ушул жерден окунуз.
Азиза Тамчиева