Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Суусамыр

Суусамырдагы «Достук» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу «Достук» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул техникалар коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

22 Июль 2026 жыл 16:39

Суусамыр: Кожомкул айылында 100 орундуу бала бакча салынууда

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулуп жатат. Бул долбоор мектепке чейинки билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган.

22 Июль 2026 жыл 16:30

Суусамыр: Кызыл-Ой айылында балдар ойноочу аянтча колдонууга берилди

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылында жаңы балдар ойноочу аянтча пайдаланууга берилди. Бул айылдагы балдар үчүн коопсуз эс алуу жана ойноо мүмкүнчүлүгүн түзгөн маанилүү долбоор болду.

22 Июль 2026 жыл 16:01

Суусамыр айылындагы мектептин сырткы эшиктери жаңыланууда

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинин сырткы эшиктери жаңыланып жатат.

7 Июль 2026 жыл 10:27

Жайыл районунун Кызыл-Ой айылында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, айылдын айрым көчөлөрүн жана короо-жайларды суу каптады.

7 Июль 2026 жыл 10:22

Суусамырда туристтик сезонго карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында туристтик сезондун башталышынан улам, чет элден келген жарадарга жана ошондой эле мейманканаларга тушүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

1 Июль 2026 жыл 9:02

Суусамыр айылындагы турак үйдүн мончосуна чагылган түштү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында катуу күн күркүрөгөн учурда турак жайлардын бирине чагылган түштү. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 14-июнунан 15-июнуна караган түнү саат 02:00 чамасында аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу күн …

17 Июнь 2026 жыл 9:37

Суусамыр: мектептерде жайкы оңдоо иштери башталды

Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагындагы Конушбаева Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде жайкы оңдоо иштерине даярдык көрүлүп, ремонт иштери башталды.

4 Июнь 2026 жыл 17:59

Суусамыр: айыл тургундары менен губернатордун жолугушуусу өттү

ЖЖайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбек Элкинбек Токтогоновичтин жергиликтүү эл менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тургундар тарабынан бир катар орчундуу маселелер көтөрүлдү. Алардын катарында саламаттык …

3 Июнь 2026 жыл 9:26

Суусамырда кыз — жигит оюну Сармерден өткөрүлдү

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында улуттук каада-салттарды жана маданиятты даңазалаган «Сармерден» кыз-жигит оюну өткөрүлдү. 

30 Май 2026 жыл 20:26

Суусамыр өрөөнүндөгү мыкты окуучулар стипендия алышты

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү беш айылдын мектеп окуучулары окуу жылын жалаң «эң жакшы» жана «жакшы» баалар менен аяктаганы үчүн стипендия алышты.

30 Май 2026 жыл 9:41

Суусамыр айылында «Акыркы коңгуроо» иш-чарасы болуп өттү

Бүтүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа тартууланып, окуу жылында ар кандай жетишкендиктерге жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге мактоо баракчалары менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

29 Май 2026 жыл 15:41

Суусамыр айылдык ооруканасында окуучуларга эмдөө жүргүзүлүүдө

Суусамыр айылындагы айылдык ооруканада 16 жашка толгон мектеп окуучуларына эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эмдөөгө келген окуучулардын алгач кан басымы өлчөнүп, жалпы ден соолугу текшерилгенден кийин гана вакцина сайылууда.

22 Май 2026 жыл 13:11

Суусамыр: Айдоо иштери 90% аяктады

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жазгы айдап-себүү иштери 90 пайызга жакын аяктады. Быйыл Суусамыр айылында жазгы талаа жумуштары туруксуз аба ырайына жана жаздын кеч жылышына байланыштуу болжол менен бир айга …

22 Май 2026 жыл 10:47

Суусамыр–Арал жолу маселеси каралды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр–Арал стратегиялык жолунун абалы жана аны оңдоо маселеси каралды. Суусамыр–Арал жолу көп жылдан бери талкууланып, бирок толук чечимге келе элек жана иш жүрүшү үзгүлтүккө учурап …

21 Май 2026 жыл 16:32

Суусамырда ички жолдорго асфальт төшөө иштери башталууда

Суусамыр айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштеринин алгачкы этаптары башталды. Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан акыркы үч жылдан бери жыл сайын үч көчөгө асфальт төшөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп келет. Бул …

21 Май 2026 жыл 15:37

Төө-Ашууда кар жаап, айдоочуларга кыйынчылык жаратты

Ош-Бишкек жолун бириктирип турган Төө-Ашуу ашуусунда 10-май күнү кар жаады. Туруксуз аба ырайына байланыштуу жааган кар айдоочулар үчүн убактылуу тоскоолдуктарды жаратты. Өзгөчө оор жүк ташуучу унаалар үчүн жол тайгак болуп, …

11 Май 2026 жыл 16:10

Суусамырда Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.Иш-чара Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп, ага айыл өкмөт башчысы, аялдар комитетинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. …

10 Май 2026 жыл 16:05

Суусамыр: Техникалар үчүн жазгы айдап себүү тарифи бекитилди

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жазгы айдап-себүү иштерине карата айыл чарба техникалары үчүн тарифтер расмий түрдө бекитилди. Белгилүү болгондой, Суусамыр өрөөнүндө жер айдоо жылына бир гана жолу жүргүзүлөт. Сугаруу мүмкүнчүлүгү …

4 Май 2026 жыл 17:43

Суусамырда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өттү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча достук мелдеш уюштурулду. Мелдешке төрт айылдан келген командалар катышып, жыйынтыгында мыкты команда жеңишке жетишти. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, негизги максат кыз-келиндердин башын …

3 Май 2026 жыл 9:50

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...