ЖЖайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбек Элкинбек Токтогоновичтин жергиликтүү эл менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тургундар тарабынан бир катар орчундуу маселелер көтөрүлдү. Алардын катарында саламаттык сактоо тармагы, жолдордун абалы, айылдагы дарыканада дары-дармектердин жетишсиздиги, билим берүү маселелери, ошондой эле ветеринардын жоктугу жана башка социалдык көйгөйлөр айтылды.

Иш-чарада ар бир тургунга өз оюн билдирүү үчүн үч мүнөттөн убакыт берилип, алардын кайрылуулары угулду. Айрым маселелерди жеринде чечүү максатында облус жана райондук мекемелердин өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссия да катышты.
Жолугушууда көтөрүлгөн бардык суроо-талаптар катталып, тийиштүү органдарга расмий түрдө тапшырылды.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна