Апрель айынын биринчи күнүндө, Суусамыр айылында райондук ыр кесе болуп өттү. Жайыл району боюнча 12 айыл өкмөт, мэрияны кошкондо 13 болду. Бул ыр кесенин максаты — айыл ичиндеги сыртка чыкпаган …
Суусамыр FM радиосуна 23-мартта биз «Суусамыр» командасынын мүчөсү Көк-бөрү боюнча эл аралык спорттун чебери Мухамбет Койчукеевди чакырдык. Түз эфирде «Элдин үнү» программасында Көк-бөрү боюнча Мухамбет Койчукеевге суроолор берилди. Андан «Суусамыр» командасынын …
Чыгыш Европа демократиялык фондунун жарыяланган гранттык сынагынын негизинде Суусамыр FM радиосу эксперттик колдоо долбоорун жеңип алган. Натыйжада Польшадан эки эксперт келип, радионун башкаруу ишин жана туруктуулугу боюнча 3 күн иш …
Суусамыр FM жамааттык үналгысы балдарга карата жасалган зомбулукка каршы медиа кампаниясына катышууда.
Суусамыр айылынын кулуну, «Байтур» фирмасынын президенти Тынчтык Конушбаев жаны жылдын алдында жыл сайын мектеп окуучуларына, мугалимдерге белектерин тартуулап келет.
Суусамыр айыл аймагында жаңы типтеги эки кабаттуу оорукананын ачылышы болуп, колдонууга берилди. Оорукананы салуу мамлекет тарабынан каржыланып, 3 жылдын ичинде салынып бүттү.
Суусамыр FM жамааттык үналгысы Суусамыр өрөөнүндөгү Тунук, 1-Май, Кожомкул, Кайсар жана Суусамыр айылдарында өз радиоуктурууларын сунуштайт. Жергиликтүү жашоочулар айылдагы болуп жаткан жаңылыктарды, кулактандырууларды жамааттан жамаатка жеткирет. Андан тышкары айылдагы социалдык …