Апрель айынын биринчи күнүндө, Суусамыр айылында райондук ыр кесе болуп өттү. Жайыл району боюнча 12 айыл өкмөт, мэрияны кошкондо 13 болду. Бул ыр кесенин максаты — айыл ичиндеги сыртка чыкпаган таланттарды жыйноо жана каада-салттарды кийинки муундарга өткөрүп берүү.
Суусамыр айылында болуп өткөн ыр кесе жөнүндө Суусамыр айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Талант Асаналиев мындай деди:
«Суусамыр өрөөнүндө 5 айыл бар. Бул ыр-кесеге ар бир айылдан келип катышышат. Негизи биз 1 сааттын ичинде 15 номинацияны көрсөтүшүбүз керек. Элдик ыр, эстрадалык ыр, оозеки чыгармачылык, үй-бүлөөлүк ансамбль ж.б нерселерди аткарабыз. Ал эми ыр-кесенин жыйынтыгында 13 айыл өкмөттүн бири «Эң жакшы коюлду» деген гран-приге ээ болуп, калгандарына 2-3 орундар берилет. Анан аягында эң жакшы деген номерлер чогултулуп, гала концерт берилет.»
Ал эми Суусамыр өрөөнү Ыр кесенин 12-болуп өткөрүп, акыркы ыр кесени Кара-Балта шаарына өткөрүп берди.
Ошондой эле мэриядан ыр кесени көргөнү 3 адамдан түзүлгөн калыстар тобу келишти. Алардын бири Жайыл районунун администрация башчысынын орун басары Анара Ниязова, Суусамыр айылында да абдан таланттуулар көп экен. Негизгиси бизге үй- бүлөлүк ансамбль абдан жакты биз аны эске алдык, деген пикирин билдирди.
Даярдаган: Чүрөк Калдарбекова, Нуркыз Намазбекова