«Ааламга жол айылдан башталат» -демекчи биздин Тоң районунун Кара-Талаа айылында окуучулардын жѳндѳмүн арттыруу максатында «Сахна» драма ийрими иштеп келет. Ошону менен бирге ушул жаатта кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишип, келечектеги артисттер менен бирге коңшу айылдарга да концерт коюп келишет. Дал ушул жаш таланттар менен иштеп, жетектеп келген Алтынгул айым аталган ийрим тууралуу маалымат берди.
— Сиз «Сахна» драма ийримин жетектѳѳдѳ кандай кыйынчылыктарга дуушар болосуз?
-«Акча жана форма жаатында маселелер жаралат. Окуучулардын толук кандуу катышпаганы да бир топ кыйынчылыктарды туудурат».
— Окуучулар менен иштѳѳдѳ кандай ийгиликтерге жетиштиңер?
— «Коншу айылдарга жана Чолпон-Ата шаарындагы «Киров» мектебине ѳнѳрүбүздү тартуулап келгенбиз.
Сахна» драма ийриминин катышуучусу, 10-«А» классынын окуучусу, Гүлзина бул ийрим аркылуу ийгиликтерге жетишип жатканын айтат.
-««Сахна» драма ийриминин негизинде кѳптѳгѳн жерге бардым, кѳптѳгѳн сынактарга катыштым жана кѳптѳгѳн нерселерди үйрѳндүм».
Даярдагандар: Марат кызы Саламат, Гүлбарчын Тилекова