Улахол айыл аймагында жазгы айдап себүү талаачылык жумуштары, сугат сугаруу иштери кызуу башталды. Кара-Талаа айылынын «Чат» ѳрѳѳнүнүн мурабы Какчекеев Мырзабек: «Чат» ѳрѳѳнүндѳ айдоо аянттарынын күзгүсүн 120 га жерди тондурма жасаганбыз, азыркы убакта 30-40 га жер жазгы сугаттан ѳттү, айылдагы бакчалар толугу менен сугарылып бүттү, эл да аракет кылып үзүрлүү эмгек кылып жатышат. 200-300 метр жерге арык чаптырып, канал каздырышыбыз керек, суу жетиштуу, башка кѳйгѳйлүү маселе деле жок», деп билдирди.
Ушул эле «Чат» ѳрѳѳнүнүн дыйканы Керимкожоев Канат сугат иштери боюнча тѳмѳндѳгүлѳрдү билдирди.
—Суу убагында келип жакшы сугарылып жатат. Былтыркыга караганда жакшы. Ар бир ѳрѳѳнүбүздѳ мурабтар бар. Өз убагында сууну бѳлүштүрүп берип турат.
Даярдагандар: Жылдыз Абдыкеримова, Медер Бейшеев.