28-март күнү Ош шаарында «Мээрим көздөн, жардам жүрөктөн» аттуу кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Иш-чара Жаштарды өнүктүрүү борборлорунун лидерлеринин демилгеси менен уюштурулган. Акцияга КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен биргеликте түзүлгөн ыктыярдуу, өз алдынча башкарылган, коммерциялык эмес, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 23 район, шаарларынын лидерлери катышышкан.
Суюнов Медер өткөрүлгөн акциянын активдүү катышуучусу, анын айтымында акция Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган карыяларга жана балдар үйлөрүнө жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын Келечек соода борборунда, Жаштарды өнүктүрүү борборлору тарабынан уюштурулган концерттик программалар коюлуп, атайын урналар даярдалып акча каражаты чогултурулган.
Ош шаарында өткөрүлгөн акция ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул кайрымдуулук акциясына 23 жаштар борбору катышып жыйынтыгында 38579-00 сом чогулуп, карыяларга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, кароосуз калган балдарга кийим жана башка буюмдар алынып берилди.
Даярдаган: Арипов Атабек