Ак-Талаа районундагы орто мектептеринин окуучуларынын арасында 31-марттан 2-апрелге чейин спартакиада өткөрүлдү. Бул спартакиада спорттун волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, футбол, тогуз коргоол, күрөш, жеңил атлетика түрлөрү боюнча болуп, 18 мектептин окуучулары катышты.
Спартакиаданын 1-туру жер-жерлерде өтүп, финалдык туру Ш.Бейшеналиев орто мектебинде болду. Оюндун жүрүшүндө волейбол боюнча Ж.Сатылганов орто мектебинин кыздар, Н.Жыргалбекова атындагы мектебинин балдар командасы, футбол, шахмат, теннис, аралыкка чуркоо, эркин күрөш боюнча Ш.Бейшеналиев, тогуз коргоол боюнча Э.Карасартов мектептеринин командалары артыкчылык көрсөтүштү. Жигердүү катышып, жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон командалар спартакиаданын облустук туруна катышууга жолдомо алышты. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду Ш.Бейшеналиев, 2-орунду Э.Карасартов, 3-орунду Ж.Сатылганов атындагы орто мектептери камсыз кылышты. Жеңүүчүлөр Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору менен сыйланышты.
Даярдагандар: К.Кубанычбекова, А.Касмалиева