![20150404_220050-1[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/04/20150404_220050-11-246x300.jpg)
Женева шаарында жашап, иштеп жаткан жердешибиз, Баетов айылынын тургуну, журналист Ж. Эдигеевдин “Сапарлаш” аттуу французча-кыргызча сөздүгү жарыкка чыкты. Китеп француз тилин үйрөнгүсү келгендерге, ошондой эле француз тилдүү өлкөлөргө сапарга чыгууну каалагандарга арналган.
Ж.Эдигеев 2009-жылы саясий себептерден улам Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурунда Кыргыз Мамлекеттик Университетинин журналистика факультетин аяктап, “Агым”, “Де-факто” гезиттеринде эмгектенген. Автордун айтымында бул эмгек кыргыз тилдүү окурмандарга француз тилин башка тилдер аркылуу эмес, кыргыз тил аркылуу үйрөнүүнү максат кылат.
Даярдаган: Б.Мамытбекова