2013-жылы жай мезгилинде «Нур» бала бакчасы ишке кирише баштаган. Бирок Суусамыр жергеси суук жана бала бакчада каражат аз болгондуктан жылуулук болбой балдар үшүп, жабылып калган.
Быйыл ата-энелердин күчү менен 2015-жылы 1-апрелден баштап «Нур» бала бакчасы ишке кирише баштады. Бул жөнүндө Токумова Нурбүбү мындай деди:
«[…] Кичинекей балдар алыс жактан келишет. Ошондуктан [бала бакчаны] жабууга туура келген. Анан да бизде бардык эле шарттар түзүлгөн. Бир гана ичинен чыккан суубуз жок. Негизгиси бардыгы эле бар деп айта кетем.»
Бул бала бакчасы 20 орундуу. Төлөм акысы айына 1600 сом. Ата-энелер болсо электр энергиясын төлөп беришет. Ата-энелер «Нур» бала бакчасы токтобой иштесе экен дешет.
Бала бакчасындагы тарбиячылар Суусамыр орто мектебинин эмгек сиңирген мугалимдери Карабекова Шайыр жана «Нур» бала бакчасынын жетекчиси Токумова Нурбүбү.
Даяардаган: Нуркыз Намазбекова, Чүрөк Калдарбекова
casino alvignac http://www.jpfchat.com/guide-francophone-pour-jouer-au-casino-virtuel/