Тоң районунун Кара-Талаа айылында борбордук көчөлөргө, оорукана ,мечит жана билим кени болгон мектептин айланаларына жарык лампалары орнотулуп, элдерге бир топ жеңилдиктер болду. Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Тынчтык Ашымов: «Борбордук көчөнү жарыктандыруу үчүн 130 миң сом сарп кылынды. Мындан ары да айылды өнүктүргөнгө аракет кылып жатабыз. Кийинчерээк Бозов Дүйшөнаалы жана Сейитказиев Эдиса көчөлөрүнө да жарык лампалары коюлат», — деп билдирди.
Айыл тургуну Кусейин Керимкожоев көчөлөрдүн жарыктандырылышы элге бир топ таасирин тийгизип жаткандыгын билдирди:
-Борбордук көчөлөрдүн жарыктандырылышына кандай коз караштасыз?
— «Албетте бул жакшы башталыш. Жаштар бул ишти көтөрүп чыгып, айылды андан ары да өнүктүрүүгө талбай аракет кылаарын айтышты. Мындан ары да айылыбыздын көрктөндүрүлүшүнө бардык күчүбүздү жумшайбыз»- дейт айыл тургундары.