Тоң районунун Улахол айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн жамааттык мультимедиа борбору өз ишин баштады. Бул борборго Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан маалыматтык техникалар толугу менен алынып берилип Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы менен биргеликте 3 күндүк тренинг өткөрүлдү.
«Улахол FM» жамааттык борборунун кординатору Медер Бейшеев борбордун иши тууралуу: «Идея ойлонулуп андан кийин келди. Анткени биз айыл өкмөттүн кызматкерлеринин ишин айыл тургундарына туура, так маалымат берели дегенбиз. Андан тышкары айыл эли айыл өкмөттүн иши жөнүндө туура эмес, жакшы иш алып барышпайт деп ойлошот, аларды четке кагып орто көпүрө түзөлү дегенбиз», -деди.
Мультимедиа борбору Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британия Эл Аралык Өнүктүрүү Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланып, «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Борбордун ыктыярчылары бул мультимедиа борбордун кадимки жамааттык радио болуп, айылдын элин маалымат менен камсыздоого бел байлашууда.
«Улахол FM» Жамааттык мультимедиа борборунда 3-апрелден 5-апрелге чейин тренинг уюштурулду. Тренингдин максаты жөнүндө медиа тренер Айзада Калканбекова төмөндөгүлөргө токтолду: «Тренингдин негизги максаты ыктыярчыларды кабарларды даярдоого жана монтаждоого, интервью техникасына, жергиликтүү жаңылыктарды интернетке жүктөөгө үйрөтүү жана координаторго башкаруу иши боюнча көрсөтмөлөрдү берүү.»
Асылбек Баялиев мультимедиа борборуна кабарчы болууну каалайт. Ал журналисттика тармагына кызыгаарын айтты:» Мен келечекте журналист болууну самайм, монтажга жана кабарлар менен иштөөгө кызыгам».
Даярдагандар: Эркайым Асанканова, Гүлбарчын Тилекова.