Түп районунун жаш өспүрүмдөр инспектору келип, №18-мектептин 8-9-10-11-класстарынын окуучуларына атайын лекция окушту. Бул лекция кылмыш, зордук-зомбулук, маңзат жана диний экстремизм боюнча болду.
Милициянын кенже лейтенанты Акжол Токтошев жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону жана милдеттерин түшүндүрөөрүн баса белгиледи.
«Азыр терроризм болуп атат, көп балдар маңзатка берилүүдө. Ошолордун алдын алуу үчүн Түп районундагы мектеп окуучуларына атайын сабактарды өтүп, лекция окуп атабыз. Мектепте талап-тоноочулук көп. Ошону жоюш үчүн дагы иш-чараларды жүргүзүп жатабыз», — деди жаш өспүрүмдөр инспектору Токтошев.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар кылмыш, зордук-зомбулук, маңзат жана диний экстремизм боюнча маалымат ала алышты.
«Буга чейин кылмыш жөнүндө уккам, бирок кандай болуп бөлүнөөрүн, канча жаштан баштап жазага тартылаарын билген эмесмин. Бүгүнкү сабактын негизинде өзүмө керектүү маалыматтарды ала алдым», — деди 11-класстын окуучусу Адина Сүйүндүкова.
Ал эми 10-класстын окуучусу Алишер Кудайбергенов окулган лекция боюнча төмөндөгүдөй оюн билдирди.
«Окулган лекцияда учётко алынган окуучулар 11-классты бүткөндө аттестат алышына тоскоолдуктар болоорун ошондой эле маңзат, зордук-зомбулук боюнча түшүнүгүмдү кеңейттим», — дейт ал.
Мектептин соцпедагогу окуучуларга зордук-зомбулук жана башка темалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.
«Мен окуучуларга көзөмөл кылам. Кайсы окуучу сабакка келбей жатканын, эмне себептен экендигин териштирип, ата-энесине түшүнүк жаздырам. Азыр ата-энеси чет өлкөдө иштеген окуучуларга өзгөчө көңүл бөлүп атабыз», — деген пикири менен бөлүштү соцпедагог Салима Жайылканова.
Жаш өспүрүмдөр инспектору, милициянын старшинасы Аскен Жанадилов мектепке бат-баттан келип, окуучуларга лекцияларды окуп тураарын билдирди.
Даярдагандар: Гүлжан Нуркасым кызы, Рита Кеңешова, Калыгул Максат уулу