Тасма айылынын жаңы конушу Чыргайда көптөн бери чечилбей келе жаткан жарык маселеси чечилгени жатат. Бул жаңы конушта алтымыш түтүн эл жашайт.
Жергиликтүү тургундардын демилгеси жана Карасаев айыл өкмөт тарабынан акча бөлүнүп берилди. Мындан сырткары айылдан чыккан жеке ишкер Стал Акматов жана аким тарабынан дагы жардамдар көрсөтүлүп жакшы жагына чечилгени турат.
Бүгүн аким, айыл өкмөт жана тиешелүү адистер менен жыйналыш өттү жыйналышта болгон аракаеттерин жумшашарын билдиришти.
Жаңы конуштун тургуну Баян Асанакунова конуштун тургундары да бул маселени чечүүгө колдон келген аракеттерин жасап жаткандарын билдирди.
«Биз бул жердеги 60 түтүн ар бирибиз 2000 (эки миң) сомдон чогултканбыз. Азыр жүз миңдей акчабыз бар элдин салымы. Айыл өкмөт тарабынан да жардам беребиз деп жатышат. Бүгүн мына облустан да кишилер келди биздин катыбыздын жообун алдык. Андан сырткары дагы спонсорлорубуз бар. Баардык жактан чоң жардам күтүп жатабыз», — деп билдирди Асанакунова.
Түп райондук РЭСтин башчысы Бакыт Сабатаров керектелүүчү инстурментердин баардыгы келгенде бекер орнотуп беришерин билдирди.
«Бул маселе демөөрчүлөрдүн жардамы менен жана конуштун тургундары менен биргелешип чечилгени жатат, буюрса күзгө чейин чечкенге аракет кылабыз. Биз бул жерге жардам кылып Түп рестин атынан бекер мыйзамдуу орнотуп берели деп жатабыз», — деп токтолду Бакыт Сабатаров.
Буга чейин биз жаңы конуштун тургундарынын свет маселесине көңүлүңүздөрдү бурган элек. Убакытын өтүшү менен бул маселе да чечилгени турат. Бул маселе чечилип жатканы баардыгыбызды кубандырбай койбойт.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова
«Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынака»