Суусамыр айыл аймагында жаңы типтеги эки кабаттуу оорукананын ачылышы болуп, колдонууга берилди. Оорукананы салуу мамлекет тарабынан каржыланып, 3 жылдын ичинде салынып бүттү.
Оорукана эки кабаттан туруп, 1-кабаты поликлиника ал эми 2-кабатында төрөт үйү жана жалпы бөлүм жайгашкан. Бардык эмеректер жана аспаптар жаңы алынып келинип, врачтардын толук кандуу иштешине өбөлгө түзүлдү.
«Бул ооруканага киргенде эле көңүлүң көтөрүлүп, сакайып кетчидей экен. Бардык шарттар түзүлгөн. Биз абдан кубанычтабыз», дейт айыл тургуну Аманкулов Аскат.
Суусамыр айылдык ооруканасынын акушер-гинекологу Кебекова Гулнур төмөндөгүлөргө токтолду:
«Мурда болочоктогу энелер үчүн төрөт үйүндө эч шарттар жок эле, жаңы төрөгөн айымдар үчүн өзгөчө кыш мезгилиндеги суукта эшикке чыгуу, жылуу суунун жоктугу көп кыйынчылыктырды алып келген. Азыркы төрөт үйүндө бардык шарттар түзүлгөн, ысык суу, душ, туалет бардыгы ичинде, жаңы эмеректер жана креслолор коюлган. Жалпысынан төрөт үйү 15 орундуу. »
Ал эми айылдык оорукананын башкы дарыгери Бурулкан Турдумбекова «Ооруканага ден соолукту чыңдоо үчүн гана келип тургула, жакында дагы УЗИ аппартатынын келиши күтүлүүдө»- деген маалыматын билдирди.
Даярдаган: Калканбекова Айзада