Баетов айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебиндеги балдар тамактануучу ашкананын жабдыктары ата-энелердин жардамы менен жаңыртылды. 1-4-класска чейинки окуучулардын ата-энелери жалпысынан 10 200 сом чогултушуп, бул каражатка ашкана үчүн нан салгыч, тамак жасоочу жабдык, самоор, чайник жана газ меши сатылып алынды.
Мектеп директору К. Эсеналиевдин айтымында ата-энелер чогулушунда камкорчулук кеңеши түзүлүп, жогорудагы маселе көтөрүлгөн. Кеңештин демилгеси жана ата-энелердин колдоосу менен ашкана жабдыктары жаңыртылып, тамак берүүдө кыйынчылыктардан бир аз арылды.
Даярдаган: Айбекова А.