24-октябрь күнү Лейлек районунун Искра айылында Совет доорунда башталган мектеп бүтүрүлүп, ишке киргизилди. Бул узак курулуштун аякташына жана мектептин ачылуу аземине атайын Президенттик Аппараттан И.Илмиянов, билим берүү жана илим министири К.Сыдыков, Баткен облусунун губернатору Ж.Раззаков, Лейлек районунун акими Т.Арипов катышышты.
Бул мектеп имараты 1989-жылы курулуп башталып, бирок СССРдин ыдырашына чейин бүтпөй, курулуш иштери токтоп калган. Искра айылындагы жалгыз кыргыз мектебинин эски имараты жараксыз абалга келип, жаңы имарат бүтпөй, окуучулар аргасыздан 3-4 жыл айылдык поликлиника жана айыл өкмөтүнүн имаратында окуп келишти.
2004-жылы курулуштун 1 блогу бүтүп, мектепке пайдаланууга берилген. Толугу менен имараттын курулушу 2014-жылы гана аяктады.
Жаңы мектептин сырткы көрүнүшү.
Мектептин ачылышына окуучулар үчүн атайын 12 компютер белекке берилди. Азыркы мектепте спорттук зал жана интерактивдик доска бар. Жалпысынан Манас атындагы орто мектебинде 400дөн ашуун окуучу окуучуга ылайыкталган.
Даярдаган: Абдырахман кызы Айдана