Тон районунда 14 ноябрь күнү күчү 7 баллдык жер титирөө катталды. Бул жаратылыш кырсыгынан Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 458 турак жай үй, короо жайлар ар кандай категориядагы жаракаларга ээ болгон.
Жергиликтүү айыл өкмөтүнөн уюштуруу топ түзүлүп жарандардын арыздары боюнча жеринде барып, жарака кеткен үйлөр, короо жайлар сүрөткө тартылып, 458 үйдөн турган базасы түзүлүп Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылды. Алардын текшерүүсү боюнча жана мыйзамдын негизинде 4-5 см жарака кеткен үйлөрдү карап, кээ бир үйлөрдүн жаракалары өтө чоң эмес, жашоого болот деп эсептешип көп маани берилген жок. Ал эми айыл тургундарынын айтымы боюнча дагы бир ирет жер титирөө катталса жарака алган тамдар кулап калаарын билдиришүүдө.
Жер титирөөнүн натыйжасында жарака алган үйлөр.
Кээбир жарандардын кампалары, очокканалары, гараждардын, сарайлардын, тосмолордун дубалдары урап калган. Бирок мамлекеттик мыйзам боюнча эсепке алынбайт экен. Өкмөттөн кандай учурда жардам аларыбыз белгисиз болууда.
Даярдагандар: Алчикеев Адилет, Мелисов Жалынбек, Жолочиева Айымжан, Жумашев Азат