Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Молдобаев Тойгонбай Бекташович өкмөттүн алгылыктуу иштери жөнүндө маалымат берди.
Тогуз-Торо району Республикабыздын борборунан 600 км алыстыкта жайгашкан катаал шарттуу район. Ал эми Сары-Булуң айыл өкмөтү райондун борборунан дагы 5 км алыстыкта жайгашкан дотациядагы айыл өкмөт. Өкмөткө тиешелүү 2 айылда 3152 калк жашайт.
«Биздин айыл аймакта да алгылыктуу иштер жасалууда. Атап айтсак Кара-Суу айылында 225 орундуу жаны мектептин курулушу, Табылгыты айылында Эмилбек Касымалиев мектебинин спорт залынын курулушу башталды. Жергиликтуу жамааттардын демилгеси менен Кара-Суу айылында жаңы мечит салынды, мындан сырткары 2013-жылы Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан жарыяланган кичи гранттар программасы конкурсуна катышып «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору боюнча пилоттук айыл өкмөттөр менен тең катары «Балдар биздин бактыбыз» деген долбоор жазып 1 млн сом утуп алганбыз, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүп бердик. Бул долбоор боюнча Кара-Суу айылындагы «Седеп» балдар бакчасынын ойноо аянтчасы, балдар ойноочу курулмалар менен жабдылган, ойноо аянтчасынын айланасы заманбап тосмолор менен курчалган. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык көмүр жана электр тогу менен иштей турган жылытуу системасы толук курулуп бүттү жана балдар уктоочу керебеттер алынып келинген.
Бакчанын сырткы көрүнүшү.
Ушул эле айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Далбаев Уланбек айылдагы экономика багытында кандай иштерди жургузулуп жаткандыгына токтолду.
«Седеп» балдар бакчасынын «Балдар биздин бактыбыз» долбооруна 1 млн сомдук акча каражаты түшкөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуу мыйзамына ылайык тендер өткөрүлдү. Тендер Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мыйзамдарын толук жетекчиликке алуу менен, мамлекеттик сатып алуулар порталына кирдик, айыл өкмөтүнүн электрондук почтасы түзүлүп, каттоодон өткөрүлдү. Тендерден районубуздун курулуш ишканалырынын ичинен «Алтын-Өрөөн» кооперативи 930,0 мин сомдук балдар ойноочу аянтча жана жылытуу системасын утуп алды, ал эми жеке ишкер Абдраимов Мелисбек 50 даана уктоочу керебеттерди сатып алуу үчүн тендердин жеңүүчүлөрү аталды.
Бакчанын ички көрүнүшү.
Миргул айым айылда бала бакчанын ойноо аянтчасы курулуп жаткан экен, сиздин ушул айылдын тургуну катары кандай ой пикириңиз бар?
Менин 3 жашар уулум Кара-Суу айылындагы «Седеп» бала бакчасына барат. Бүгүнкү күндө балдарыбыз үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Балдарыбыз таза абада заманбап балдар ойноочу аянтчада ойноп жатышат, анын ичинде балдар кызыга турган бардык жабдуулар бар. Эң негизгиси балдарыбыздын таза абада ойноп, күндүн нурун алып ден-соолуктарын чыңдоого жакшы шарттар түзүлдү десем жаңылышпайм.
Даярдагандар: Кыдыралиева Чынара, Молдобаев Тойгонбай, Далбаев Уланбек, Токталиева Миргул