Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан “Тайлак баатыр” атындагы спорт клубу көптөн бери ийгиликтерге жетишип келе жатышат. Алар Кыргыз Республикасын башка өлкөлөргө таанытууга жана желегин желбиретүүгө салымын кошуп келишет. Жакында эле спорт клубдун жетекчиси Капарбек уулу Билимбек өзүнүн окуучуларын Нарын шаарында болуп өткөн күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдешке алпарып келди. Ал жактан биринчи орунду алган Билимбек кызы Калмира менен кабарчыбыз Айылчивеа Адина маектешип келген.
Сен машыккандан бери кандай ийгиликтерге жетиштин?
Машыккандан бери көп эле ийгиликтер болду, себеби машыгууларды жакшы эле кылып жаттык, шаарга чейин барып келдик жакшы орундарды алдык.
Эмне үчүн спортту тандап алдың?
Өзүм кааладым, атамдын кыла албаганын биз кылалы деп чечтик.
“Тайлак баатыр” спорт клубу айылдагы өспүрүмдөрдү эркин күрөш жана кыргыз оюндары менен машыктырып келет. Бул спорт клубунда 360 өспүрүм машыгат. Спорт клубунун жетекчиси Капарбек уулу Билимбек кабарчыбыз Айылчиева Адинага клубдун жетишкен ийгиликтери жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди:
Бул спорт клубдун ачылганына 5 жыл болду кудай буюрса 2010-жылы иш жүзүнө киришкенбиз. 6 ай ичинде Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер арасында Кыргызстан чемпионатынын биринчилигин утуп алганбыз. Камчыбекова Мээрим деген кызыбыз Гуанджоу шаарында 5-орунду алып келди. 2011-жылы кыздар арасында биринчиликти утуп алып , Гулжаз Капарбек кызы Таиландда 3-орунду алды. Кайра 2012-жылы кыз-келиндер арасында Токмок шаарынын биринчилигин утуп, Якутия шаарында Сахада күрөшүп келген. Экөө тең Кыргыз Республикасынын чебери. Балдар арасында Амабек уулу Амантур Шералы Сыдыковдун эл аралык турниринде 2010- жылы алтын, 2011-жылы күмүш медалдын ээси болгон. Кайра Раджаб Жанаев атындагы эл аралык турнирде коло медалга татыктуу болгон.
Бул спорт клубду өзүңүз ачтынызбы же мамлекеттен колдоо болдубу?
Мамлекеттен жардам болгон жок, бирок мамлекетти алыс деп өөнөбөйм. Муну окуучуларымдын, досторумдун, өзүмдүн жеке менчик клубу деп эсептейбиз. Мамлекетке кичине болсо да салым кошуп жатабыз деген ниеттебиз.
“Спорт ден-солуктун булагы” дегендей ар дайым спорт менен машыгып, ден-соолугубузду чындайлы.
Даярдагандар: Касымалиева Айчолпон, Айылчиева Адина