3-декабрь ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл өкмөтүндө жыл сайын ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.
Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Сыргак Шамырбекович төмөнкүлөргө токтолду.
“Ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жөнүндөгү мыйзамын аткаруу максатында, биздин район боюнча бул жарандарга көңүл буруу, колдоо ирээтинде көптөгөн иш-чараларды бүгүнкү күндө аткарып келе жатабыз. Биздин айыл аймак боюнча айтканда жалпы 46 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Райондук Социалдык коргоо башкармалыгы менен бирге көптөгөн жарандарыбызды биз реабилитациялык борборлорго алып барып келип жатабыз, мындан сырткары ар бир айыл өкмөттөр ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын катышуусу менен фестиваль өткөрүп турабыз. Быйылкы жылы дагы 27-ноябрда фестиваль уюштурулат. Бул фестивалга биз айыл өкмөттөн атайын каражат бөлүп бердик. Маданият үйүнүн уюштуруусу менен жана биздин жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен бул жарандарга колдоо, көңүл буруу ирээтинде фестивалды жакшы деңгээлде өткөрүүнү пландап жатабыз”.
Урмат Мырзакеримович, жогоруда өкмөт башчы, жеке ишкерлер тарабынан да мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүп келет деп айтып өттүңүз, кандай колдоолор көрсөтүлүп жатат?
Мамлекет тарабынан 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Биздин айыл өкмөттө андай адамдарга фестиваль уюштурулуп, көңүлдөрүн көтөрүү максатында маданий иш-чаралар өткөрүлүп келет. Айылда он бештей жеке ишкер биригип мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өз салымыбызды кошуп, ар бирине 500 сом өлчөмүндө белек берип келгенбиз. Быйыл дагы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жылдагыдан көбүрөөк өлчөмдө белек беребиз деп турабыз.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бири Дербишалиева Шайыр эжеге сөздү берсек. Шайыр айым бул иш-чарага жыл сайын катышып, жетектеп да жүрөсүз, пландалып жаткан иш-чара боюнча жеке ой-пикириңизди айтып өтсөңүз?
Ооба, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата ”Дүйнөм ыйман, сыймыгым Кыргызстан” аттуу фестиваль жыл сайын өткөрүлүп жатат. Фестивалдын максаты таланттуу кол-өнөрчүлүк, узчулук кылган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эл алдына чыгаруу. Быйыл дагы фестивалга жигердүүлүк менен катышып жатабыз. Бизге айыл өкмөттөр, ишкерлер тарабынан колдоолор көрсөтүлүп турат,- деди Шайыр Дербишалиева.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүн белгилөөдө биздин Көк-Ирим айыл аймагындагы даярдыктар жигердүү жүрүп жаткандыгына күбө болдук. Албетте, бул жарандарыбызга көңүл буруу, камкордук кылуу ар бирибиздин милдетибиз деп билишибиз керек.
Даярдагандар: Борончиев Сыргак, Өмүкеев Урмат, Атыкулова Анара, Окенова Айсулуу