Кыргызстанда бир нече микрокредиттик уюмдар бар. Ар бир экинчи үй-бүлө насыянын жардамы менен жеке бизнесин алдыга жылдырып келет. Суусамырда болсо эки микрокредиттик уюм элге чакан насыя берип келет.
Кээ бир учурда насыя алуучулар акчаны туура эмес колдонгондуктан чыгымга дуушар болушуп, төлөй албай калгандар да аз эмес. Ошондуктан эл арасында чакан насыя пайдабы же зыянбы деген суроо туулуп жатат. «Компаньон» микрокредиттик уюмдун адиси Махабат Жумалиева бул боюнча мындай деди:
«Кредитти жер айдоо, мал багуу үчүн беребиз. Кредит алгандан кийин максаттуу колдонсо, өзүнүн кирешесин берет да. Анан кредитти алып, башка максаттарга колдонсо, албетте чыгымга учурашат. Биз керек болсо, малчылар жана дыйкандар үчүн кеңештерди дагы беребиз. Нааразы болгон адамдар жок эмес, өзүнүн күнөөсүн билбей компанияга арткандар толтура».
Насыя алуучу Барчын Муктарова насыяны туура колдонуп, өз убагында төлөп бергендигин айтат. Ал үй салуу үчүн насыя алып, кайра бир жылдын ичинде төлөп бүтүргөнүн билдирди.
Насыяны алгандан кийин аны максаттуу колдонуу ар бир насыя алуучунун милдети.
Даярдаган: Нуркыз Намазбекова