Суусамыр айылынын кулуну, «Байтур» фирмасынын президенти Тынчтык Конушбаев жаны жылдын алдында жыл сайын мектеп окуучуларына, мугалимдерге белектерин тартуулап келет.
Бүгүн да бул саамалык Суусамыр айылындагы беш орто мектепте улантылды. Мындан тышкары жеке ишкер Т. Конушбаев 12 жылдан бери «Жыл мугалими» кароо сынагын өткөрүп келет жана алдыңкы окуучулар үчүн жаз айында стимул берүүчү стипендиялар менен сыйлайт.
«Биз бул белектерди үй-бүлөбүз менен бирге отуруп чын жүрөгүбүздөн даярдайбыз. Окуучулар, мугалимдер жана медкызматкерлерге жыл сайын салт катары белек беребиз. Суусамырдын суугуна карабастан, эл үчүн кызмат кылып жүргөндөргө ийгилик жана ыраазычылык билдирем, окуучуларга окууларына ийгилик каалайм «,- дейт Тынчтык мырза.
Мындай иш чаранын өтүп жаткандыгына ата-энелер дагы чон кубанычта. Алар атайын Тынчтык агайга рахмат айтуу үчүн келишкен.
Ал эми окуучулар Тынчтык агайга ыраазычылыктарын билдирип, келечекте Т. Конушбаев сыяктуу патриот адам болууга умтулаарын айтышты.
Даярдаган: Чүрөк Калдарбекова.