24-25 декабрда Сокулук районунун Жал айылына караштуу Р. Мамыралиева атындагы гимназия орто мектебинде окуучулар үчүн Бишкектен чакырылып келинген цирк артисттери менен биргилекте жаны жылдык майрам болуп өттү. Бул майрамда түрлүү программалар: от жандыруу, жылаан менен ойноо сыяктуу оюн-зооктор көргөзүлдү.
Кирүү акысы 100 сомдон алынганы менен мугалимдердин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бекер кирип көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Өткөрүлгөн иш-чара боюнча мектеп директору Султаналиева Динара мындай деди: «Биз мектептеги окучуларыбыз үчүн жакшы майрам уюштуруп берүү максатында цирк артисттери менен байланышып биргеликте иш жүргүздүк». Окуучулардын көп бөлүгүнө программа жагымдуу маанай тартууландыгы үчүн мындай иш-чара уюштуруу кийинки жылдары да пландалууда.
Даярдагандар: Болотбеков Калыйнур-Улан, Тимур уулу Урмат.