Суусамырда кар кетип жылыгандан баштап жаш балдар арасында чүкө оюну популярдуу болуп жатат.
Чүкө оюнунун тарыхына кайрылсак:
Чийип койгон чийинде
Кара баспай, ак басып
Кыйшыгы жок жол басып
Кадамыкты кадашып
Оюн салып жатканда
Чүкө чертээр чоң оюн
Ишке түштү зор Манас деген саптарында ордонун чоң оюнун байыркы үбактан бери ойнолуп келе жаткандыгы айтылат.
Ордонун эрежелери, ордонун тартиби оюнчулардан тыкандыкты талап кылгандыгы баяндалат. Ордо оюнунда байге белгиленип, жеңгендерге берилген.
Чүкө оюну жөнүндө айыл тургуну Ташкенбай Абдиев: «Азыркы учурда жаш юалдар ойноп жаткан чүкө биздин убактагы чүкө оюнунан аябай айырмаланат. Алар чүкө оюнунун эрежелерин,тартибин билишпейт», — деген сөздөрүн айтты.
Ал эми азыркы учуржа чүкө ойноп жүргөн бөбөктөрдүн оюн уксак: «Мен үйдөгү малды тейлеп коюп чүкө ойнойм. Үйүмдө 1500дөй чүкөм бар. Мага чүкө ойногон аябай жагат, — деди
Кыршыз элинин чүкө оюну «Ордо» сыяктуу оюндардын жок болуп кетпей мындан ары өнүгүшүнө тилектешпиз.
Дaярдаган:Чүрөк Калдарбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.