А.Аралбаев орто мектебинде 29-май акыркы конгуроо кечеси болуп өттү. Бул кечеге албетте салтта сакталгандай 10, 20, 30 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр келип катышышты. Озүлөрүнүн мектеп босогосун аттаганда эн биринчи окуткан эже-агайларына жолугушуп, даярдап келген белектерин берип, көпкө чейин чер жазышып сүйлөшүп отурушту. Мындан 10, 20 жыл бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөргө окуучулар кызыктуу суроолорун берип, аларды жаштык кезине бир кайрышты.
Быйылда акыркы коңгуроо шаңдуу маанайда өттү. 1997-жылкы окуучулар 2015-жылдын бүтүүрүүчүлөрү аталды. Бүтүрүүчү класс өзүлөрүнүн чакан даярдап келген концертин элге тартуулап беришти
Бул кечени андан да шаңдуу кылган “Кара жорго №1” бий тобу болду. Алар да бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жакшылыктарды каалап, ырларын созуп, бийлеп кетишти.
А.Аралбаев орто мектебинде жалпы 2015-жылы 25 окуучу мектепти ийгиликтүү аяктады. Баардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайбыз.
Мектепти ушинтип бир заматта бүтүрүп турмуш жолуна аттанып, уяларынан учуп кетишет. Ар бир окуучу мугалимдин берген тарбиясын, билимин, деги эле эмгегин актап, эли-жерине кызмат кылып, мекенибизди өркүндөтөт деген ойдобуз.
автор: Перизат Кубанычбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка