Чыгыш Европа демократиялык фондунун жарыяланган гранттык сынагынын негизинде Суусамыр FM радиосу эксперттик колдоо долбоорун жеңип алган. Натыйжада Польшадан эки эксперт келип, радионун башкаруу ишин жана туруктуулугу боюнча 3 күн иш алып барышты.
Алар менен маектешти уга билүү, коммуникация, радиого текст жазуу, бизнес план түзүү темасында бирдиктүү иш алып барылды. Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо долбоорунун координатору Агнешка Маковска долбоордун максаты жана жергиликтүү радиодон кандай жыйынтыкты күтөөрүн айтты.
Польшадан келген эксперт Марек Колдрас 20 жылдан бери радио тармагында эмгектенет. 18 жыл жергиликтүү радиодо башкы редактор болуп иштеп, андан тышкары теледе жана газетада да иштеген. Акыркы жарым жылда Америкадагы Польша радиосунда эмгектенет. Ал жергиликтүү радионун ишин жакшыртууга өз кеңешин берди.
Жергиликтүү ЖМК колдоо долбоорунун негизинде Суусамыр FM радиосунда өнүктүрүү боюнча пландар түзүлүп, туруктуу иштөө үчүн жолдор ачылат деп ишенебиз.
Даярдаган: Чүрөк Калдарбекова, Нуркыз Намазбекова