Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектептин 11-класстар арасында, «Макулдуксуз ала качуунун алдын алуу» долбоорунун алкагында «Кыз Коргон Институту» тарабынан уюуштурулган тренинг болуп өттү. Тренингдин жүрүшүндө Прфессор Рассел Клейнбах «Кыз Коргон Институту» менен биргеликте сурамжылоого өткөрүшкөн. Сурамжылоого катышкан энелердин 96%, аталардын 98% өз кыздарын ала качып кетишин каалашпай тургандыгын айтып өттү. 1999-жылдарда жүргүзүлгөн изилдөө учурунда суралган кыздардын 87%, ал эми 2004-жылы 90% кыздар турмуш куруу үчүн аларды ала качып кетишин каалашкан эместигин билдиришкен.
Ал эми Рассел Клейнбах мектеп окуучуларына Кылмыш-Жаза Кодексинин 154-155 беренеси, «Кыз жыргаар жерине ыйлап барат», «Кыз жана анын жакындары да ала качып кетүүгө өздөрү кызыктар» деген теманы кеӊири талкуулап видео тасмаларды көрсөтүп берди.
«Кыз өзү макул болбосо, аны күчтөп никеге отургузууга ислам дини да уруксаат бербейт. Ала качылган кыз отурбай кетип калса, өзүнүн үй-бүлөсүн кеп-сөзгө калтырат, — деген сөзгө ишенбегиле. Ала качуунун курмандыгына айланып, бирок эркиндигин тандап, намысын коргоп, барган жерине отурбай кетип калган кыздар жалгыз калышпайт»- деп билдирди Рассел Клейнбах.
Кыргыздын «Таш түшкөн жеринде оор» деген макалы бул-туура эмес. Кыз өзүнүн тагдырын өзү гана чечүүгө укуктуу, анын эркине кол салууга эч кимдин укугу жок. Кыздарды ала качуу менен бирге тагдырына нааразы болуу менен бирге өз өмүрүнө кол салуу болуп жаткандыгын эстен чыгарбашыбыз керек.
Даярдагандар: Гүлкайыр Осмоналиева, Асел Асанова, Перизат Бекмурзаева.